Спорт — ден соолуктун булагы гана эмес, жаш муунду тартипке, жоопкерчиликке, ынтымакка жана жеңишке тарбиялаган чоң мектеп. Айрыкча футбол балдарды бир максатка бириктирип, командалык духту калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Жакында Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары, жаш футболчулар, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн «Global Cup – Golden Kids» аттуу эл аралык турнирге катышып, күч сынашып келишти. Мелдештин жыйынтыгында алар «бронзовый сеткада» 3-орунду ээлешти.

.
Бул сапар окуучулар үчүн спорттук мелдеш гана эмес, жаңы чөйрө менен таанышып, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана футболдук тажрыйбасын арттырууга мүмкүнчүлүк болду. Биз бүгүнкү маегибизде жаш футболчуларды Ташкент шаарына алып барып келген машыктыруучу Нурадил Таштанбеков менен маектештик.
.
— Алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
— Саламатсыздарбы! Менин атым Таштанбеков Нурадил Дамирбекович. Учурда «Мурас Юнайтед» футбол академиясында 2012-жылы туулган балдардын машыктыруучусу болуп эмгектенем.
— Ташкент шаарына болгон сапар кандайча уюштурулду? Даярдык канча убакыт мурун башталды?
— Ташкентке болгон сапарга бир ай мурун даярдана баштаганбыз. Бул эл аралык турнир болгондуктан, балдар үч-төрт айда бир жолу ар кайсы шаарларга барып, мелдештерге катышып турушат. Мисалы, Ташкент, Алматы жана башка шаарларга сапарлар уюштурулат.
Негизги максатыбыз — балдардын даярдыгын текшерүү, учурдагы футболдук деңгээлин аныктоо жана мындан ары машыгууларды кайсы багытта улантуу керектигин көрүү болду. Бул жолкусунда атайын тандоо жүргүзгөн жокпуз. Барууга каалоосу бар балдарды чогултуп, бир команда болуп жөнөдүк.
Уюштуруудагы негизги кыйынчылыктар жол сапарына, логистикага, автобус жана мейманкана тандоого байланыштуу болду.
— Турнир кандай деңгээлде өттү? Командалар арасында атаандаштык күчтүү болдубу?
— Мелдеш жакшы өттү деп ойлойм. Биз 2012-жылы туулган балдар менен барып, Ташкентте 2011-жылы туулган оюнчуларга каршы ойнодук. «Global Cup – Golden Kids» аттуу эл аралык турнирге жалпысынан 10 команда катышып, эки тайпага бөлүнүп күч сынашты.
Биздин балдар өздөрүн жакшы көрсөтүштү. Атаандаштарыбыз бир жаш улуу болгонуна карабастан, балдар татыктуу оюн көрсөтүп, «бронзовый сеткада» 3-орунду ээлешти. Албетте, атаандаш командалардын деңгээли жогору болду.
— Балдардын оюндагы жетишкендигинен тышкары, сапардын кандай кызыктуу учурлары болду?
— Биз үчүн бул сапар футбол талаасы менен гана чектелген жок. Балдарга Ташкент шаарынын кооз жерлерин да көрсөтүүгө аракет кылдык. «Magic City» паркы, Sky Park оюн-зоок борбору жана Чорсу базарына бардык. Ошондой эле соода борборлорун жана башка кызыктуу жайларды көрүп келишти.
Бул балдар үчүн жаңы шаарды көрүп, башка чөйрө менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк болду.
— Балдардын өз ара мамилесинен жана командалык оюнунан кандай таасир алдыңыз?
— Эң кубандырганы — балдардын ынтымактуулугу болду. Оюнда утулуп жаткан учурларда да бири-бирин колдоп, дем берип турушту. Команда ичинде жакшы мамиле, биримдик жана достук байкалды.
Менимче, футболдо жеңишке жетүү гана эмес, жеңилген учурда да сабырдуулукту сактап, командалаштарыңды колдой билүү абдан маанилүү. Бул сапар балдарга дал ушундай сапаттарды үйрөттү.
— Бул сапар балдарга кандай тажрыйба берди деп ойлойсуз?
— Биринчиден, футболдук жактан чоң тажрыйба болду. Өздөрүнөн бир жаш улуу балдар менен ойноп, өз мүмкүнчүлүктөрүн баалашты. Экинчиден, футбол талаасынан тышкары да көп нерсени көрүп, жаңы жерлер менен таанышышты.
Мындай сапарлар балдардын өз алдынчалыгын, жоопкерчилигин жана дүйнө таанымын өнүктүрөт деп эсептейм.
— Алдыдагы пландарыңыздар кандай?
— Алдыда аткара турган иштерибиз көп. Буюрса, дагы Алматыга, Ташкентке, Түркияга жана Кытайга сапарларды пландап жатабыз. Балдарды эл аралык деңгээлдеги мелдештерге көбүрөөк катыштырып, тажрыйбасын арттыруу — негизги максаттарыбыздын бири.
— Кыргызстанда футболду өнүктүрүү үчүн эмнелерге көңүл буруу керек деп ойлойсуз?
— Эң биринчи мектептерде футболдук турнирлерди көбөйтүү зарыл. Балдар кичинекей кезинен спортко тартылып, өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек. Ошондой эле футбол менен машыгууга ылайыктуу шарттарды түзүү маанилүү. Спорттук аянтчалар, керектүү жабдуулар жана машыгуу үчүн шарттар болсо, жаш футболчулардын өсүп-өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзүлөт.
— Акырында жаш футболчуларга жана келечекте чоң футболчу болууну кыялданган балдарга кандай каалоо-тилек айтар элеңиз?
— Балдарга айтарым: футболду сүйгүлө, талыкпай эмгектенгиле, машыгуудан качпагыла. Жеңишке жетүү үчүн чыдамкайлык, тартип жана тынымсыз аракет керек. Эң негизгиси, бири-бириңерди колдоп, командаңарды сыйлагыла. Бүгүнкү эмгек эртеңки чоң жеңиштердин пайдубалы болот.


Ташкентке болгон бул сапар жаш футболчулар үчүн жөн гана мелдеш эмес, чоң тажрыйба, достук жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты болду. Өздөрүнөн бир жаш улуу атаандаштар менен күч сынашып, «бронзовый сеткада» 3-орунду багындыруу — балдардын аракетинин жана машыктыруучунун эмгегинин натыйжасы.
Ошондой эле турнирге Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 8-классынын окуучусу Умар Анарбаев да катышып, өзүнүн футболдук чеберчилигин көрсөттү.
Спортко жасалган ар бир кадам — келечекке салынган инвестиция. Жаш футболчуларыбыздын ийгиликтери уланып, келечекте Кыргызстандын намысын эл аралык ареналарда коргогон чемпиондордон болушуна тилектешпиз!
Нурадил Дамирбековичке жана жаш футболчуларыбызга ийгилик каалайбыз!
Даярдагандар: Аида Карыбековна, Раяна Бейшенбекова