Жаз айларында сугат суусунун тартыштыгы дыйкандар үчүн жыл сайын кайталанган көйгөйлөрдүн бири. Айрыкча жазгы талаа жумуштары башталган учурда суунун жетишсиздиги жер иштетүү иштерине тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Мындай шартта дыйкандар күз мезгилинде эле камылга көрүп, жерлерине тоңдурма салып жатышат.

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Алманбет Боогачиев да ушул максатта талаасына тоңдурма салып жатат:
«Азыр суу бар кезде жерди айдап, тоңдурма салып койдум. Жазында суу тартыш болуп калат. Ошондуктан жерди күзүндө даярдап алган жакшы», — дейт ал.

Тоңдурма салуу — жерди күзүндө, суу жетиштүү мезгилде сугарып, кышкы нымдуулукту сактоого жана жазгы талаа иштерине алдын ала даярдык көрүүгө багытталган ыкмалардын бири. Кыш мезгилинде жааган кар аз болгондуктан, дыйкандар тоңдурма салууга мажбур болушат. Ошондой эле жазында техниканын талаага эртерээк киришине шарт түзөт.

Дыйканчылыкта ар бир мезгилдин өзүнө жараша түйшүгү бар. Жерди өз убагында иштетүү, сугаруу жана аба ырайынын шарттарын эске алуу түшүмдүн мол болушуна таасир этүүчү маанилүү факторлордон болуп саналат.
Даярдаган: Жоодар Султанбеков