Сокулук районунда Жаштар жумалыгынын алкагында мектеп окуучулары арасында рэкетчиликтин алдын алууга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоого багытталган чыгармачылык сынак өткөрүлдү. 2026-жылдын 3–10-ноябрь күндөрү уюштурулган «Жакшы болуу — аста-аста, жаман болуу — бир паста» аттуу сынакты Сокулук райондук маданият бөлүмү уюштурган.

Иш-чаранын максаты — жаштарды коомдук жоопкерчиликке тарбиялоо, рэкетчилик жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, ошондой эле окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү болду.
Сынак эки багытта өткөрүлдү. Биринчи тапшырмада катышуучулар «Рэкетчилик — коомго коркунуч» темасында видеороликтерди даярдашты. Анда жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун, коркутуунун жана басмырлоонун кесепеттери чагылдырылды.

Экинчи тапшырма «Ата-эне менен баланын мамилеси» темасындагы сахналык көрүнүштөргө арналды. Окуучулар өз өнөрлөрү аркылуу үй-бүлөдөгү сый-урматты, ата-эненин бала тарбиясындагы ордун жана муундар ортосундагы түшүнүшүүнүн маанисин көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
— I орун — К. Карасаев атындагы жалпы билим берүү мектеби. Сыйлыгы — Bluetooth-колонка.
— II орун — А. Жакшылыков атындагы жалпы билим берүү мектеби. Сыйлыгы — проектор.
— III орун — Г. Капарова атындагы жалпы билим берүү мектеби. Сыйлыгы — комуз.
Үчүнчү орунду ээлеген Г. Капарова атындагы мектептин окуучуларынын жетишкендиги мектеп жамааты үчүн кубанычтуу жаңылык болду.

Уюштуруучулардын айтымында, сынак жаштарды адептүүлүккө, боорукерликке, жоопкерчиликке жана улуттук баалуулуктарды урматтоого үндөгөн тарбиялык иш-чара болду.
Мындай демилгелер жаш муундардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна, терс көрүнүштөргө каршы туруусуна жана адамгерчилик сапаттарын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Даярдагандар: Аида Карыбекова, Зарина Соорбекова