Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» медиа борбору Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Айдай Джолчубековага штаттан тышкаркы кабарчы катары №39 күбөлүк тапшырды.

Айдай Джолчубекова буга чейин жамааттык медианын аймактык кабарчысы катары «Көнөк» жамааттык мультимедиа борборунда иштеп, жергиликтүү турмуштагы окуяларды, билим берүү тармагындагы жаңылыктарды жана коомдук демилгелерди чагылдырып келген.
Күбөлүк алуу ал үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик экенин белгилеген Айдай Джолчубекова мындан ары да айыл жериндеги агартуучулардын эмгегин, окуучулардын жетишкендиктерин кеңири аудиторияга жеткирүүгө аракет кыларын айтты:
«Бул расмий күбөлүк мен үчүн чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Бүгүнкү күнү билим берүү тармагы креативдүү индустрия жана заманбап медиа менен тыгыз айкалышып өнүгүшү керек. Айыл жериндеги агартуучулардын талыкпаган эмгегин, окуучулардын чыгармачыл дараметин жаңы форматта кеңири аудиторияга жеткирүүгө эми дагы да активдүү киришем», — деди ал.
Белгилей кетсек, Айдай Джолчубекова IV жана V Элдик Курултайларга Күнтүү айыл аймагынын атынан эл тарабынан делегат болуп шайланган.
Мектеп жетекчиси билим берүү тармагындагы бир катар демилгелерди ишке ашырып, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп келет. Анын демилгеси менен окуучулар республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга катышып, билим берүү багытындагы таанып-билүү сапарларына да чыгып турушат. Ошондой эле мектеп куруу, жаштарды колдоо жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иштер жүргүзүлүп келет. Бул жаңылык анын жердештери жана социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынып, чыгармачылык ийгиликтерди каалаган пикирлер жазылууда.
Ал эми «Кут Билим» медиа борбору билим берүү жана илим тармагындагы жаңылыктарды чагылдыруу менен катар аймактык кабарчылар институтун өнүктүрүп келет. Бул демилге жер-жерлердеги маанилүү окуяларды ыкчам жеткирүүгө жана билим берүү тармагындагы маалыматтык кызматташууну бекемдөөгө багытталган.
Даярдагандар: Нурайым Кеңешбекова,Даяна Омурханова