<Бишкек шаарында Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык оор атлетика турнири өтүүдө. Мелдештин алгачкы күнүндө Токтогул райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпысынан 6 медаль багындырышты. Алардын эсебинде 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль бар.

Токтогулдук жеңүүчүлөр жана байге ээлери.

60 кг салмак категориясы:
Муслим Токтахунов — 198 кг жыйынтык менен күмүш медаль (КМДТжСА);
Усман Саманбеков — 196 кг жыйынтык менен коло медаль.

65 кг салмак категориясы:
Нурмамат Эсенгелдиев (спорт чебери) — 235 кг жыйынтык менен күмүш медаль.
70 кг салмак категориясы:
Бехруз Юлчиев (РСК) — 245 кг жыйынтык менен коло медаль жана «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» нормативин ийгиликтүү аткарды.
110 кг салмак категориясы:

Фарух Шакиржанов (спорт чебери) — 1-орун (алтын медаль);
Нурмухамед Касенов (спорт чебери) — 3-орун (коло медаль).


Бул жетишкендиктер спортчулардын талыкпаган эмгегинин, машыктыруучулардын үзүрлүү ишинин жана ата-энелердин колдоосунун натыйжасы.
Токтогулдук спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын жеңиштери менен куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде дагы ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын намысын бийик деңгээлде коргой беришине тилектешпиз.
Даярдаган: Азема Сабырбекова