Токтогул районунда мекеме-ишканалардын жана айыл аймактарынын кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Турнирге райондун ар кайсы мекемелеринен 16 команда катышып, жеңиш үчүн күч сынашты.

Мелдештин негизги максаты мамлекеттик кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, массалык спортту өнүктүрүү жана эмгек жамааттарынын ортосундагы достук мамилени бекемдөө.
Турнирдин шарты боюнча ар бир командада үч кыз жана үч мырза болушу талап кылынган. Мындай формат оюнга өзгөчө көрк берип, катышуучулардын командалык биримдигин жана өз ара аракеттенүүсүн сыноого мүмкүнчүлүк түздү.


Кызуу таймаштын жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Кетмен-Дөбө командасы;
2-орун — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана аскер комиссариатынын биргелешкен командасы;
3-орун — райондук электр тармактарынын (РЭС) командасы;
4-орун — райондук оорукана командасы.

Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундардын ээлерине жалпы 60 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Анын ичинен биринчи орунга 30 миң, экинчи орунга 15 миң, үчүнчү орунга 10 миң жана төртүнчү орунга 5 миң сом берилди. Ошондой эле командалар кубок, медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.



Мелдеш кызматкерлердин спортко болгон кызыгуусун арттырып, райондогу мекеме-ишканалардын ортосундагы ынтымакты жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова