2026-жылдын 11-ноябрында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында «Энелер тилеги» тобунун катышуучуларын сыйлоо аземи өттү. Анда райондун коомдук турмушуна жана өлкөнүн маданият, искусство тармагына салым кошкон ак элечек апаларга сыйлыктар тапшырылды.


Сыйлоо аземи райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Эсенбек Апит уулунун жетекчилиги алдында уюштурулду.
Белгилей кетсек, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Биздин таланттар» теледолбоорунун беш жылдык мааракесине арналган концерт өткөн. Аталган иш-чарага Токтогул райондук Аялдар кеңешинин алдындагы «Энелер тилеги» тобунун мүчөлөрү да катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Алар республикалык деңгээлдеги маданий иш-чарада Токтогул районунун атынан чыгып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашкан.




Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматованын айтымында, тапшырылган сыйлыктар энелердин эмгегин баалоо жана алардын маданий иш-чараларга кошкон салымын белгилөө максатында уюштурулган:
«Бул сыйлыктар энелерибиздин эмгегин баалоо гана эмес, Токтогул жеринин маданий потенциалын республикалык деңгээлде даңазалоого кошкон чоң салымы болуп калды», — деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Энелер тилеги» тобунун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирилип, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жогору баа берилди.

Даярдаган: Азема Сабырбекова