Тогуз-Торо районундагы №7 Т. Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде мамлекеттик жана партиялык ишмер, агартуучу, мугалим жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Таштемир Сатыбалдиевдин 100 жылдык мааракесине карата «Өрнөктүү өмүр — өчпөс из» аттуу эскерүү кечеси уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — эл үчүн эмгек сиңирген инсандын өмүр жолун жана коомдук ишмердүүлүгүн даңазалоо, жаш муундарды улуу муундун эмгегин урматтоого тарбиялоо болду.
Эскерүү кечесинде мектеп мугалимдери Таштемир Сатыбалдиевдин өмүр жолун сахналаштырып көрсөтүштү. Окуучулар көркөм окууларды жана ырларды тартуулашты. Ошондой эле мектептин комузчулар тобу, бийчилери жана коноктордун концерттик программасы уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан Мамурбеков жана Каргалык айыл аймагынын башчысы Марлис Олжотоев сөз сүйлөп, Таштемир Сатыбалдиевдин эл үчүн жасаган эмгектерин белгилешти.
Мындан тышкары, мектептин класс кабинеттерин жабдууга колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.



Эскерүү кечесине райондун ардактуу аксакалдары, айыл тургундары, мектеп бүтүрүүчүлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Таштемир Сатыбалдиевдин урпактары катышты. Аны менен бирге эмгектенген кесиптештери да эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын адамдык сапаттары жана эмгек жолу тууралуу айтып беришти.
Мааракелик иш-чара улуу инсандын басып өткөн жолун эскерүү менен бирге, анын эмгегин кийинки муунга жеткирүүгө жана тарыхый мурасты сактоого багытталды.


Даярдаган: Аделина Бейшеналиева