Түп райондук маданият үйүндө жаш үй-бүлөлөрдүн башын бириктирип, ынтымакты жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоого багытталган «Жубайлар таймашы» кароо-сынагы өттү.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен 10-ноябрь — Жаштар күнүнө карата 3–10-ноябрь күндөрү уюштурулган жаштар жумалыгынын алкагында 12-ноябрда өткөрүлдү.

Сынактын катышуучулары жети тапшырма боюнча күч сынашты. Алар эркин форматта саламдашып, аталар камыр жайып, кесме кесүү жана аркан тартыш тапшырмаларын аткарышты. Ал эми апалар губка менен суу ташуу боюнча мелдешти. Жубайлар биргелешип дөңгөчкө мык кагып, сүрөттөр боюнча викторинага катышып, аба шарларын жаруу тапшырмасын аткарышты.

Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орунду 158 упай менен Каркыра айыл өкмөтүнөн келген Саламат Калыков менен Гүлзат Үсенова ээледи.
2-орунду 152 упай менен Ысык-Көл айыл өкмөтүнөн Муратбек Атаканов менен Салтанат Жунушбаева алды.
3-орунду 149 упай менен Түп айыл өкмөтүнөн Айбек Батырканов менен Арайлуу Саматова ээледи.
4-орунду 148 упай менен Карасаев айыл өкмөтүнөн Төрөбек Токтобек уулу менен Сауле алды.
5-орунду 147 упай менен Каркыра айыл өкмөтүнө караштуу Ичке-Суу айылынан Азамат Бейшенов менен Мырзагүл Абдыкадырова ээледи.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарга ээ болгон катышуучулар турмуш-тиричиликке керектүү баалуу белектер менен сыйланышты. Сыйлыктарды Түп райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Нуржан Алапаева жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Бердибек уулу Достук тапшырды.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров