Түп районунун Тасма айылындагы Гурт аймагында жашаган окуучулардын мектепке каттоосун жеңилдетүү максатында 2020-жылы Россияда эмгектенип жүргөн айылдаштар көпүрө куруп беришкен. Мекендештердин демилгеси жана чогулткан каражаты менен ишке ашкан бул көпүрө бүгүнкү күнгө чейин элге кызмат кылып келет.

Гурт аймагы Тасма айылынан эки чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан. Буга чейин ал жерде жашаган окуучулар мектепке каттап келүүдө, айрыкча жол шарттары ыңгайсыз болгон учурларда, бир топ кыйынчылыктарга туш болушкан.
Маселени чечүү үчүн Россияда иштеп жүргөн Тасма айылынын жигиттери өз ара каражат чогултуп, көпүрө курууну чечишкен. Курулуш иштерин Талайбек уулу Темирбек менен Шаршенов Адилет аткарышкан.
Көпүрөнүн курулушуна катышкан Талайбек уулу Темирбек ошол кездеги демилге тууралуу айтып берди.
— Көпүрө куруу демилгеси кандайча көтөрүлгөн эле?
— Ал учурда Гурт аймагында жашаган окуучулар Тасма айылындагы мектепке каттап келүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болушчу. Балдардын мектепке жетүүсүн жеңилдетүү зарылдыгы бар болчу. Ошол көйгөйдү чечүү максатында Россияда иштеп жүргөн айылдаш жигиттерибиздин арасында көпүрө куруу демилгеси көтөрүлгөн. Баарыбыз бул сунушту колдоп, каражат чогултууга катышканбыз.
— Курулуш иштери кандай жүргүзүлгөн?
— Айылдаштарыбыз чогулткан каражаттын эсебинен көпүрө куруу иштерин баштаганбыз. Шаршенов Адилет экөөбүз курулуш иштерин аткарганбыз. Ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошуп, элге керектүү ишти бүтүрүүгө аракет кылганбыз. Эң негизги максатыбыз — Гуртта жашаган балдардын мектепке каттоосун жеңилдетүү болчу.
— Көпүрө курулгандан кийин кандай өзгөрүүлөр болду?
— Көпүрө курулгандан кийин окуучулардын мектепке каттоосу кыйла жеңилдеген. Мурда жол маселесинен улам кыйынчылыктар жаралса, эми балдар мектепке кыйналбай барып-келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Бул иштин эң чоң жыйынтыгы ушул болду деп ойлойм.
— Ошол кезде жасалган ишти бүгүн кандай баалайсыз?
— Адам кайсы жерде жүрбөсүн, туулуп-өскөн жеринин, элинин көйгөйүнө кайдыгер карабашы керек. Биз ошол учурда колубуздан келген жардамды берүүгө аракет кылганбыз. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн окуучуларга кызмат кылып жатканын көрүү биз үчүн чоң кубаныч. Элге пайдасы тийген иш жасалганы маанилүү.
2020-жылы ишке ашкан бул демилге алыста жүргөн мекендештердин туулган жерине болгон камкордугун жана ынтымагын көрсөттү. Айылдаштарынын көйгөйүнө кайдыгер карабай, каражат чогултуп, окуучулар үчүн көпүрө куруп берген жигиттердин аракети коомчулукка үлгү болорлук иш болду.
Даярдаган: Амина Жеңишбекова