2026-жылдын 10-ноябрында Кочкор районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу маселелерине арналган тренинг өткөрүлдү. Иш-чара «Соң-Көлдүн биоартүрдүүлүгүн сактоо» долбоорунун алкагында GGF уюмунун колдоосу жана «Тирек» демилгелүү тобунун катышуусунда уюштурулду. Ага жергиликтүү активисттер, айылдык кеңештин депутаттары, аялдар, жаштар жана демилгелүү топтун мүчөлөрү катышты.

Тренингдин негизги максаты — Соң-Көлдүн уникалдуу экосистемасын, суу-саздуу аймактарын жана жайыттарын коргоодо жергиликтүү коомчулуктун ролун күчөтүү, биргелешкен комитет түзүү жана калктын муктаждыктарына негизделген иш-аракеттер планын иштеп чыгуу.
Иш-чарада туруктуу өнүгүү, адам укуктары, гендердик теңчилик жана жаратылыш ресурстарына адилеттүү жеткиликтүүлүк маселелери талкууланды. Ошондой эле жаратылыш байлыктарын пайдаланууда аялдардын жана жаштардын пикирин эске алуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Практикалык бөлүктө катышуучулар топторго бөлүнүп, «Өмүр дарыясы» жана сезондук календарь ыкмалары аркылуу аймактагы жаратылыш ресурстарын пайдалануу тажрыйбасын талдашты. Мында жайыттардын абалы, суу-саздуу аймактарга адамдын таасири, климаттын өзгөрүшү жана экосистемаларды коргоо боюнча сунуштар каралды.

Мындан тышкары, аялдар жана жаштар жаратылыш ресурстарын башкаруудагы ролун, жергиликтүү бийлик менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Тренингдин алкагында жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча биргелешкен комитет түзүү, анын максат-милдеттерин жана иш-аракеттер планын аныктоо маселелери да каралды. Катышуучулар сунушталган иш-чаралардын мөөнөттөрүн, жооптуу адамдарды жана зарыл болгон ресурстарды талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында сунуштарды бирдиктүү планга киргизүү, анын аткарылышын көзөмөлдөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштоо боюнча кийинки кадамдар белгиленди.
Тренинг Соң-Көлдүн жаратылыш байлыктарын сактоого жергиликтүү тургундардын катышуусун күчөтүүгө, ошондой эле аялдар менен жаштардын чечим кабыл алуу процессиндеги активдүүлүгүн арттырууга багытталды.




Даярдаган:Бурул Майрамбек кызы