Төлөк айылында кышка даярдык көрүү алкагында калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин айыл тургундарына жалпы 175 тонна көмүр жеткирилип, 130 үй-бүлө арзан баадагы отун менен камсыз болду.

Көмүр жеткирүү иштери Төлөк-Ак-Кыя муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана айыл башчысы тарабынан биргеликте уюштурулууда.
Көмүрдүн бир тоннасы 5500 сомдон сатылып, тургундарга таразага тартылып, так өлчөмдө берилүүдө.
Бул демилге кыш мезгилинде айыл тургундарынын отунга болгон муктаждыгын жеңилдетүүгө жана көмүрдү жеткиликтүү баада алууга шарт түзүүгө багытталган.


Даярдаган:Бурул Майрамбек кызы