Чүй облусунун Сокулук районунда мектеп психологдорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган окуу курсу уюштурулду. Анын негизги максаты — адистердин билимин тереңдетүү, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана мектептерде жагымдуу психологиялык чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2026-жылдын 9-ноябрындагы №175 буйругуна ылайык, 9–13-ноябрь күндөрү Т. Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин базасында 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлүүдө.
Окууга райондогу бир катар билим берүү уюмдарынын адистери катышууда. Алардын арасында Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин өкүлү Сейдегуль Магаматибраим кызы да бар. Курстун жүрүшүндө мектеп психологдорунун кесиптик даярдыгын жогорулатууга, окуучулардын психологиялык абалын туура баалоого, өспүрүмдөр арасындагы көйгөйлөрдү алдын алууга, буллинг жана зордук-зомбулукка каршы иш алып барууга байланышкан маселелерге көңүл бурулууда.
Курстун катышуучусу Сейдегуль Магаматибраим кызы мындай окуулардын маанилүүлүгүн белгиледи:
«Бүгүнкү күндө мектеп психологунун жоопкерчилиги абдан чоң. Ар бир окуучунун ички дүйнөсүн түшүнүү, анын көйгөйүн угуп, туура багыт берүү үчүн биз дайыма изденип, билимибизди өркүндөтүп турушубуз керек. Бул курс жаңы билимдерди алууга, тажрыйба топтоого жана ишибизге жаңычыл ыкмаларды киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Алган билимибизди мектептеги практикалык иштерде натыйжалуу колдонобуз деп ишенем», — деди ал.
Белгилей кетсек, квалификацияны жогорулатуу курстары билим берүү кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө жана тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт. Мындай иштердин башкы максаты — мектептерде коопсуз психологиялык чөйрөнү калыптандыруу жана окуучуларга сапаттуу билим алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Нурайым Кеңешбекова