7-октябрда Сокулук районунда Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Анда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого салым кошуп келе жаткан мугалимдер сыйланды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө педагогдорго Жогорку Кеңештин депутаттарынын, район акиминин, облустук жетекчиликтин, кесиптик бирликтин, ошондой эле «Кут Билим» жана «Билим Ордо» басылмаларынын Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана төш белгилери тапшырылды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин төш белгисин Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Джолдошбекович Усеналиев салтанаттуу түрдө тапшырды.
Иш-чаранын соңунда кесиптик жолун жаңы баштаган жаш мугалимдер куттукташып, ардагер педагогдорго жана райондук билим берүү борборунун мурдагы жетекчилерине Сокулук райондук кесиптик бирлигинин төрайымы Алина Качкынбаевнанын атынан белектер берилди.

Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Бектур Кожобеков мындай майрам жаш адистерге дем-күч берип, кесипке болгон жоопкерчилигин арттырарын белгиледи:
«Билим майданына жаңы кадам таштап жаткан учурда ардактуу кесиптин ээси болуу чоң жоопкерчилик жана сыймык. Бүгүнкү майрам биз үчүн чоң дем-күч берип, алдыга умтулууга канатыбызды кенен жайды. Улуу муундагы устаттарыбыздын жолун жолдоп, окуучулардын жүрөгүнө билим нугун себүү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Башчыбыз Усеналиев Марат Джолдошбековичтин колунан белек алуу, куттуктоосун угуу мен үчүн чоң сыймык», — деди ал.
Ал эми Сокулук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Илияз Ташкуловдун Ардак грамотасына татыктуу болгон Перизат Каратаева сыйлыкты жалпы мектеп жамаатынын эмгегине берилген баа катары кабыл алганын айтты.
«Бүгүнкү сыйлык — бул жалпы мектебибиздин, эмгек жамаатынын жана окуучуларыбыздын биргелешкен эмгегинин баасы деп билем. Мугалимдин эмгегин баалап, колдоо көрсөткөн райондук жетекчиликке жана билим берүү бөлүмүнө терең ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи ал.
Сокулук районунда өткөрүлгөн майрамдык иш-чара мугалимдердин коомдогу ордун жана алардын билим берүү тармагына кошкон салымын белгилөөгө багытталды. Жаш адистерге колдоо көрсөтүлүп, ардагер педагогдорго урмат-сый көрсөтүлүшү муундар арасындагы кесиптик байланыштын маанисин дагы бир жолу айгинеледи.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова