7-октябрда Сокулук районунда Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Анда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого салым кошуп келе жаткан мугалимдер сыйланды.
Күнтуу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата мектептерде жана бала бакчаларда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты — жаш муундарга эне тилинин кадыр-баркын жеткирүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо.
Чүй облусунун Сокулук районунда сууда кырсыктардын алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү.
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери кыргыз элинин улуттук маданиятын даңазалаган “Сармерден” кыз-жигиттер таймашын өткөрүштү.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров …