Күнтуу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата мектептерде жана бала бакчаларда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты — жаш муундарга эне тилинин кадыр-баркын жеткирүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо.

Майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулар жана бала бакчанын тарбиялануучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар:
«Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, эне тилин даңазалаган көркөм ырларды окушту;
улуттук кийимдерди кийип, салт-санааны чагылдырган көрүнүштөрдү сахналаштырышты;
Мекенди жана эне тилди сүйүүгө үндөгөн обондуу ырларды аткарып, бийлерди тартуулашты.
Майрамдын мааниси жана окуучулардын даярдыгы тууралуу Күнтуу айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин мугалимдери өз ойлорун билдиришти.
Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гульазар Муонбаева:
«Бүгүнкү майрамдык иш-чара абдан жогорку деңгээлде өттү. Окуучуларыбыздын эне тилибизге болгон сүйүүсү жана даярдыгы бизди кубандырды. Тил — улуттун жаны экенин бала кезден түшүндүрүү — биздин эң башкы милдетибиз. Мындай иш-чаралар балдардын мекенчилдик сезимин ойготуп, өз элинин тарыхын жана маданиятын терең урматтоосуна чоң өбөлгө түзөт», — деди.

Нурлан Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айгүл Намазбекова:
«Ар бир өткөрүлгөн сабак, ар бир майрамдык сахналаштыруу балдардын жүрөгүнө патриоттук сезимди уялатат. Балдардын «Манастан» үзүндү айтып, эне тилин даңазалап жатканын көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Келечек муун тилибизди ардактап, аны таза сактап өсөрүнө толук ишенем. Бардык кесиптештеримди жана окуучуларды тил майрамы менен куттуктайм!» — деди.
Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулап, эне тилди урматтоонун, улуттук баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөттү.
Даярдагандар: Раяна Бейшенбекова, Сайкал Азатбек кызы