Токтогул районунда Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Ишкерлер күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарада райондун өнүгүүсүнө жана социалдык-экономикалык абалына салым кошкон бир катар адистер менен ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө райондун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер жана ишкерлер сыйланды.

Адылбек Батырбеков райондун өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Токтогул районунун ардактуу атуулу» наамына татыды.

Ошондой эле ишкер Т. Токтосуновго Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы тапшырылды.

Мындан тышкары, бир катар суу чарба кызматкерлери жана ишкерлер Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Иш-чарада жергиликтүү тургундар эл үчүн жасалган эмгек, жакшылык жана кайрымдуулук эч качан көз жаздымда калбашы керектигин белгилешти.
«Пендеге ыраазычылык бере албаган Жараткандын ыраазычылыгын ала албайт!» — деген сөздү мисал келтирген тургундар сыйлыктардын ээлерине татыктуу тапшырылганын белгилешти.

Майрамдык салтанаттын соңунда маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.

Даярдаган: Азема Сабырбекова