24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кезектеги президенттик шайлоону дайындоо боюнча маанилүү токтом кабыл алынды. Эл өкүлдөрүнүн чечими менен өлкө башчысын шайлоо 2027-жылдын 27-январга белгиленди. Бул документти 86 депутат колдоп добуш берди.
Шайлоонун так датасынын белгилениши Президент Садыр Жапаров июль айынын аягында кол койгон жаңы мыйзамга байланыштуу. Анда өлкө башчысынын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде президенттик шайлоо өткөрүү каралган. Ушуга ылайык, кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына туура келди.
Бул маанилүү датанын такталышы саясий күчтөрдүн жана талапкерлердин өз ишмердүүлүгүн жана үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша пландоого толук шарт түзөт.
Жыйында парламенттин спикери Марлен Маматалиев шайлоо эмне үчүн атайын иш күнгө (шаршембиге) коюлганын түшүндүрдү. Анын айтымында, бул чечим жарандардын шайлоого катышуусун арттырууга жана мүмкүн болушунча көбүрөөк шайлоочулардын добуш берүүсүн камсыз кылууга багытталган.
Спикердин пикиринде, шайлоого катышуучулардын саны канчалык көп болсо, коррупциялык схемалардын алдын алып, шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүшүнө ошончолук чоң шарт түзүлөт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова