Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу түз эфир учурунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, райондун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги ири долбоорлор тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, райондун аймагында ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарт түзөт.
«Райондун келечеги чоң экенин баарыбыз сезип турабыз. Түндүк–Түштүк альтернативалык жолу 2027-жылдын аягында расмий түрдө ачылат. Биз Түндүк менен Түштүктү байланыштырган Кыргызстандын борбордук бөлүгүндөгү район болуп калдык», — деди аким.
Акимдин маалыматына караганда, альтернативалык жолдун ачылышы менен район аркылуу өткөн унаалардын саны көбөйүп, айрым учурларда күнүнө 4 миңден ашуун унаа каттаган.
Мындан тышкары, Тогуз-Торо району аркылуу темир жол өткөрүү жана үч гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу пландалып жатканын белгиледи.
Нурлан Эшмукамбет уулунун айтымында, бул долбоорлор ишке ашса, райондук бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана жергиликтүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзүлөт.
«Райондо үч айыл өкмөтү болсо, алардын экөө дотациядан чыгат деген мүмкүнчүлүк бар. Тогуз-Торонун келечеги зор болот», — деди район акими.

Белгилей кетсек, «Күн маек» уктуруусунун алкагында Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу менен катар Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Жарбашов жана Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскер Жаңыбаев жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева