Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата Казарман айылында республикалык төкмө акындардын айтышы өттү. Сөз өнөрүнүн таймашында баш байгени Жамайка Токонова жеңип алды.

Маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жана уюштуруу тобунун колдоосу менен уюштурулду.
Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзгөн айтышка өлкөнүн төрт бурчунан келген төкмө акындар катышып, сөз чеберчилигин, тапкычтыгын жана төкмөлүк өнөрүн көрсөтүштү.
Калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Баш байге — Жамайка Токонова;
I орун — Акматбек Султан уулу;
II орун — Темирбек Матыбаев;
III орун — Идирис Айтбаев.


Мындан тышкары, өнөрү менен айырмаланган бир катар катышуучуларга атайын наамдар жана кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Айтыш учурунда акындар Тогуз-Торо жергесинин бай тарыхын, кооз жаратылышын, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый-маданий мурастарын, ошондой эле элдин ынтымагын жана биримдигин ыр саптарына кошушту.

Райондун 90 жылдык мааракесине арналган бул иш-чара улуттук төкмөлүк өнөрдү даңазалап, кыргыз элинин сөз байлыгын жана маданий мурастарын жайылтууга багытталды.
Анара Мааметова