Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата Казарман айылында республикалык төкмө акындардын айтышы өттү. Сөз өнөрүнүн таймашында баш байгени Жамайка Токонова жеңип алды.
Казармандагы Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө “Саймалуу Таш санаты” аталыштагы айтышта 16 акын айтышып, тарыхый өрөөндүн улуулугун даңазалап, район элине өнөрлөрүн тартуулашты.
Майра Керим кызынын 60 жылдыгына арналган Кыргыз-Казак эл аралык айтышында Оттук айылынын кулуну Кутман Садыбакасов баш байгенин ээси боло алды. Айтышка эки мамлекеттен биригип, жалпы 16 төкмө акын катышышкан.
Лейлек районунун Төө жайлоосунда 28-май күнү жалпы республикалык төкмө акындар арасында айтыш болду. Айтышка жалпысынан жыйырма төкмө акын катышты.