Казармандагы Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө “Саймалуу Таш санаты” аталыштагы айтышта 16 акын айтышып, тарыхый өрөөндүн улуулугун даңазалап, район элине өнөрлөрүн тартуулашты.
Аталган айтыш Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин колдоосу менен Кыргыз улуттук «Манас» театры, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте өткөрүлдү
Айтышта тандоодон өткөн, калыстардын тактыгы менен жеңүүчүлөр тандалып, сыйлыктар тапшырылды.
Төкмө акын Абдылда Нуралиев баш байгени алып, ага саймалуу таштын оюмдары түшүрүлгөн атайын кубок, диплом жана 150 миң сом акчалай сыйлыгы тапшырылды.
Ал эми Азамат Болгонбаев 120 миң сом сыйлыгы менен 1-орун, Тынчтыкбек Эсенбай Уулу 100 миң сом акчалай сыйлыгы менен 2-орун, Темирбек Матыбаев 90 миң сыйлыгы менен 3-орунду алды.
Жалпы байге фонду 1 миллион сом болгон айтышта, жарым финалга чыккан төкмөлөр Баян Акматов, Арген Биймырза Уулу, Асылбек Маратов, Шайлообек Отунчиевдерге 65 миң сом акчалай сыйлык берилсе, ал эми кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгон Акматбек Султан уулу, Элмирбек Иманалиев, Турат Жумаев, Жамайка Токонова, Жибек Сапар кызы, Амантай Кутманалиев, Максат Кулуев, Тынарбек Бураевдерге диплом жана 35 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
“Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында өткөрүлдү.
Анара Мааметова