Бишкек шаарында аймактагы тренерлер үчүн “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында “Санариптик туризм” боюнча эки күндүк тренинг өттү. Анда Google Business, Google Maps, 2GIS, Booking.com, Airbnb, Shelter, Travelline PMS, Edelweiss PMS жана санарип маркетинг боюнча, WhatsApp Business, Instagram, Facebook тууралуу тереңдетилген маалыматтар берилди.
Алтынай Турсунбекова үй-бүлөсү менен Таласта “Кишимжан” конок үйүн иштетип келишет. Алгач санарип платформалар туурасында чет өлкөдөн келген туристтен угушкан. Өздөрү санариптик туризм боюнча билимдерди алып, пратикада колдонуп баштагандан тарта кардарларын табуу жеңил болуп калганын жана артыкчыларын түшүнүшкөнүн айтат: “Биздин конок үй Таласта эң биринчилерден болуп ачылган конок үйлөрдүн бири. Кайын энем, кайын атам ачып иштетип келишкен. Бул үй-бүлөгө келин болуп баргандан тарта мен дагы бул ишти аркалап жатам”.
Алтынай Турсунбекова сыяктуу аймактардан тандалып алынган санарип туризм тармагындагы 10 тренер, эксперттер 2 күндүк тренингде билимдерин дагы да тереңдетип, андан соң өз аймактарындагыларга билимдери менен бөлүшүшөт. Долбоорго Кочкор-Жумгал, Талас, Чоң-Алай, Жалал-Абад, Тоң, Түп, Баткен, Ат-Башы, Чүй, Ош, Чоң-Алай жана Нарын аймактары катышып жатат.
Ар бир катышуучу тренингден соң “Санарип Инсан” долбоору менен кызматташууга кол коюп, өз аймагындагы жаштар, кыз-келиндер менен алган билимин бөлүшүп, санарип туризмди өнүктүрүүчү платформаларда катталууга көмөк көрсөтөт.
Белгилей кетсек, “Санарип Инсан” долбоору жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү Американын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Айгерим Кубатбекова