Нурзада Макеева учурда 35 жашта. Бир нече жылдан бери Германияда жашайт жана Hymmen GmbH Maschinen- und Anlagenbau аттуу машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп иштейт. Ал адамдардын күндөлүк жашоосун жеңилдете турган роботту программалап чыккан.
Нурзада айым роботтор адамдын жашоосун жеңилдетерин айтат.
«Роботтор жалпысынан алганда адамзатына жардам берүү, жок дегенде жашоосун жеңилдетүүчү курал деп билсек болот. Мисалы жөнөкөй эле өзү жүргөн чаң соргучтар (пылесос) же өзү жүргөн машиналар да роботтордун түрүнө кирет. Жасалма интеллект мындай алганда, адам мээсинин кандай иштөөсү тууралуу изилдеп, анын үлгүсүндө программалоо. Адамдар жасай алуучу нерселерди роботтор программанын негизине жасашат. Мисалы текст жазуу, сүрөт тартуу жана сүйлөө. Эң негизги максат адам турмушун жеңилдетүү. Мисалы мен жасаган роботтор адамга шерик болот. Жасалма интеллект десе түшүнбөгөндөр да бар. Жөнөкөй мисал — күнүгө биз колдонуп жүргөн Google котормо, ChatGPT деген программалар — жасалма интеллекттин башаты болуп саналат».
Нурзада Макеева
Европанын турмушуна көнүп жашоосуна аралашып, жергиликтүүлөр менен теңтайлаш сиңип кетүү, албетте оңойго турбаганын, бирок Германияда билимдүү адамдар жерде калбайт аларды баалашат деген Нурзада айым Европада кыздарга жана балдарга бирдей тарбия, бирдей укук берүү менен, аларды чечкиндүүлүккө, коркпостукка жана укуктарын коргоону билүүгө үндөшөрүн кошумчалады.
Барчын Мамытбекова