Ак-Талаа райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда “вакциналык кампасын» куруу иштери аяктады. Кампанын курулуш иштери Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, “COVID-19 илдетине чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Аталган борбордун жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда вакцина сактоочу кампа 4,5 млн сомго курулду.
Бул кампада жалпы райондун жашоочуларына келген вакциналар сакталат жана ушул жерден райондун аймагындагы бардык медицина мекемелерине таратылып берилип турат.
Ал эми лаборатория жана администртивдик имараттын 29 млн 800миң сомдук долбоордук-сметалык документтери жана имарат куруу үчүн жер аянты даяр болгону менен каражат чечилбей келет.
Барчын Мамытбекова