Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: долбоор

Акталаада Чычырканак кечүү каналы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат

Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында Чычырканак кечүү каналы Нарын Теңир Тоо өнүктүрүү фонду аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Аталган канал аркылуу Кош-Дөбө айылынын күн чыгыш тарабындагы 500га айдоо …

Аким: «Таза суу» долбооруна коомдук көзөмөл түзсө болот

«Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Ак-Талаа районунун акими Ж.Жапаров тургундардын суроолоруна жооп берди. Аталган долбоор алты ай бою түз эфирде тургундардын суроолоруна жооп алып берип, айрым маселелердин чечилишине көмөк көрсөттү. Бул …

Ак-Талаа: Менчикке өтүп кеткен мүлктөр боюнча тергөө иштери жүрүүдө

«Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди. Түз эфирди «Тун-Ук» жамааттык медиа борбору уюштуруп берди. Айрым жоопторду сунуштайбыз.

Ак-Талаа: Айыл чарба техникаларын токтотуучу атайын жай курулууда

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында дагы бир долбоор ишке ашырылууда. Тактап айтканда, айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык техникаларды атайын бир жерге топтоп, оңдоп, токтото турган гараж уюштурулууда.

Ак-Талаа: Кароосуз калган откана социалдык обьект үчүн оңдоодон өткөрүлүүдө

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кара-Бүргөн айылында мурунку айылдык оорукананын кароосуз калган отканасы социалдык обьект үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Ак-Талаа: 75 га жерге сафлор айдалды

Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында райондогу тургундардын суроолоруна жооп берди. Айрымдарын сунуштайбыз. Долбоор Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондусунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Видео: Акталаада терек жана кара бактын 14 миң даана көчөттөрү отургузулду

Ак-Талаа районунун  Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылына «Жашыл Мурас» улуттук жашылдандыруу  долбоорунун алкагында бактын көчөттөрү тигилди.

«Тынчтык үчүн исскуство» эл аралык долбооруна №43-кесиптик лицейинин жаштары катышууда

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейинде жаштар үчүн уюштурулган иш чара, Улуу Британиянын Линкольн университетинин колдоосу менен Кыргызстанда, Индонезияда, Руандада жана Непалда дагы  ишке ашырылууда. «Тынчтык үчүн исскуство» аталышындагы …

Ак-Талаа району боюнча зомбулукка каршы иш чаралар өттү

Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.

Ак-Талаада вакцина сактоочу жаңы кампа курулду

Ак-Талаа райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда “вакциналык кампасын» куруу иштери аяктады. Кампанын курулуш иштери Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, “COVID-19 илдетине чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Аткаруу комитетинин АРИСте аткарган иштерине коомчулук тарабынан баа берилди

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан (АРИС) социалдык мобилизациянын натыйжаларын баалоо үчүн социалдык отчеттуулук боюнча чогулуш болуп өттү. Бул чогулушка Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундары …

Келиниңиз менен жакшы мамиленин сыры

Үй-бүлөлүк мамилелер ар бир адамдын жашоосундагы татаал жана маанилүү бөлүк болуп саналат. Келиндер менен болгон мамиледе тажрыйбага ээ болгон Давлет Өмүрзакова менен Эркин Турдукулов балдарынын болочок жубайлары менен кантип жылуу, …

Кошумча нарк чынжырчасы Нарын районунда жигердүү ишке ашып жатат

«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору Кыргызстандын бардык облустарында 2018-жылдан тартып ишке ашырылууда, ал эми долбоор 2024-жылдын июнь айында аяктайт. Анын негизги багыты — кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү жана каржылоо. Долбоордун алкагында …

Saemaul Undong — Ашар кыймылы балдардын көңүлүн ачты

Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясына 19-20-июль 2023-жылы Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү долбоорун ишке ашырган «Saemaul Undong» кыймылынын волонтерлору келди. Окуучуларга бий, таэквондо, кол өнөрчүлүк, тамак жасоо боюнча …

Акталаага жаңы мал базар курулат

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына  караштуу Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабына бардык шарты бар мал базар курулат.  Жалпы наркы болжол менен 8.5млн сомду түзөт.

Жаш кабарчылар медианын сырларын үйрөнүштү

Ысык- Көлдө Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы тарабынан өлкөдөгү жамааттык медиалардын ыктыярчы кабарчылары үчүн  лагерь уюштурулду. Аталаган лагерь эки  агым менен болуп жалпы 24 ыктыярчы  катышты.

ХХI кылымдын интеллектуал жаштары

Сокулук районунун «Тан-Чолпону» балдар борборунда 27-март 2023-жылы “Биз ХХI кылымдын интеллектуалдары” аттуу окуучулардын арасында сынак өткөрүлдү. Сынакка 6 мектептин окуучулары катышты. Сынактын максаты билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатуу менен …

Кочкор: Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо иш-чаралары талкууланды

Бүгүн Кочкор айылында ARIS- коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги АИД-3 КК Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо Ковид-19га жооп кайтаруу долбоорунун негизинде жана КРнын Министрлер Кабинети тарабынан колдоосу, Дүйнөлүк …

Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор башталды

2-мартта «Hyatt Regency» мейманканасынын конференц-залында “InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоорун ишке киргизүүнүн бет ачары болуп өттү.

Гулзада Абдулахатова: Чет өлкөгө окуу чечимин дароо кабыл алган эмесмин

19 жаштагы Гулзада Абдулахатова учурда Туркиянын Кютахья деген шаарында англис тили багытында окуйт. Чет жакка чыгууну кичинекей балалык кезинен кыялданып жүргөн Гулзада кыялына жетип, өзү каалаган окуу жайда окуп жатат.

Жекшемби
3 Жетинин айы 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...