Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Жеңиш сейил багында “Арыба, кыргызымдын нарктуулугу”- аталышында Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленди. Майрамдык иш-чара райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даяралдалган театралдаштырылган оюн-зоок менен башталды. Баба дыйкандын аруу тилегин Умай эненин аластаган ак батасы коштоду. Андан соң район акими Ж.Жапаров улуу рамазан айына удаа келген жаз майрамы менен жалпы элди куттуктап, каалоо-тилегин билдирди.
Ж.Жапаров район акими
Майрамдык салтанат учуру
Майрамды белгилүү эстрада ырчылары коштоду
КРнын Эмгек синирген артисти Каныкей Эралиева баштаган эстрада жылдыздарынын жергиликтүү маданият кызматкелеринин жана бий топторунун концерттик программасы майрамдык салтанатка шаң берди.
Салтанаттын соңунда КРнын Эл артисттери Каныкей Эралиева жана Айчүрөк Иманалиева, КРнын эмгек синирген артисти Гүлнара Кахарова, жеке ишкер айымдар Наргиза Осмонова жаан Жеңишкүл Коконбай кызы, белгилүү телережиссер Асыл Акматова, Элзар Сыдыков жана Айдай Токторбековага Президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешовдун Ыразычылык каттары тапшырылды.
Мындан сырткары райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон айымдарга Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Ардак Грамотасы жана медалы тапшырылды.
Нооруз майрамына арналган “Арыба, кыргызымдын нарктуулугу” долбоору быйыл экинчи ирет “Ак-Талаа таланттары” коомдук бирикмеси, райондук мамлекеттик администрация жана маданият бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Барчын Мамытбекова