21-март Нооруз майрамына карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында иш — чара болуп өттү. Ага Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Эшполот Таш Уулу, Ж. Амираев атындагы маданият үйүнүн директору Талантбек Эргешов, Айылдык кеңешинин депутаты Сайибжамал Жолдошова, Кулатов айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы Сонунбү Тагаева, Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Мөлмөл Ормонова жана айыл тургундары катышты. Иш чарада 5 айылдын тургундары таймашып, жыйынтыгында 1-орунду Арык-Тейит айылынын тургундары багындырды.
Кожо-Арык айылы, иш чара учурунда
Кожо-Арык айылы, иш чара учурунда
Кожо-Арык айылы, иш чара учурунда
Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Таш уулу Эшполот:
Эшполот Таш Уулу
«Бүгүнкү Нооруз майрамы менен Кулатов айылынын тургундарын чын дилимден кууттуктаймын. Ар дайым айылыбызда тынчтык болсун. Нооруз менен биргеликте кирип келген жаз айыбыз токчулуктун жылы болсун.
Мына бүгүн майрамга карата Кулатов айылында таймаш болуп өттү. Таймашка айыл өкмөт тарабынан акчалай каражат бөлүнүп, активдүү катышкан айыл тургундарына сыйлыктар берилди. Таймашка 5 айыл тең эң жогорку деңгээлде даярданыптыр. Калыстар менен биргеликте ар бир айылдардын даярдыктарын көрүп келдик.» — деп билдирди.
Кош- Дөбө айылы, иш чара учурунда
Кош-Дөбө айылы, иш чара учурунда
Кызыл-Булак айылынын тургуну Максуда Ысмаилова:
Максуда Ысмаилова
«Бүгүнкү таймаш эң жогорку деңгээлде уланууда. Учурдан пайдаланып айыл өкмөт башчыбызга, калыстар тобуна терең ыраазычылыгымды билдирем. Бизге жардам көрсөтүп колдоп келет.
Биз таймашта түзүлгөн программа боюнча журилерге концерттик кече тартуулап бердик. Буйруса жакшы жыйынтыктарды угабыз.» — деп билдирди.
Ак-Чал айылы, иш чара учурунда
Ак-Чал айылы, иш чара учурунда
Арык-Тейт айылы, иш чара учурунда
Арык-Тейт айылы, иш чара учурунда
Арык-Тейт айылы, иш чара учурунда
Кызыл-Булак айылы
Кызыл-Булак айылы
Кызыл-Булак айылы
Иш чара учурунда
Жыйынтыктоо учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева