Ак-Талаа районунда улуттук каад-салтты, нарк-насилди, үрп адатты коомго жайылтуу менен бирге ак батанын касиетин таанытуу максатында “Касиети күчтүү ак бата” сынагы өткөрүлгөн. Нооруз майрамындагы салтанатта мына ушул сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Сынактын жобосуна ылайык ага райондун аймагында жашаган 60 жаштан жогору адамдар катышып, наристе төрөлгөндөгү, сүннөткө отургузуу ж.б жөрөлгөлөрдөгү бата берүү тапшырмалары боюнча катышкан. Катышуучулардын берген батасынын маани-мазмуну, набаттуулугу, сахнада алып жүрүүсү өңдүү талаптарга карап, калыстар тобу тарабынан баа берилди.
Жыйынтыгында,
Баш байге-Мамбетжума Жумакадыров Кара-Бургөн айылы, диплом жана 15 миң сом;
1-орун- Дүйшөбүбү Бөрүбаева Тоголок Молдо айылы диплом жана 10миң сом;
2-орун- Рысбек Акматов Чолок-Кайың айылы диплом жана 7000 сом;
3-орун- Аскарбек Жүзүев Ак-Кыя айылы диплом жана 5000 сом тапшырылды.
Баш байгенин ээси Мамбетжума Жумакадыров
1-орунду жеңип алган Дүйшөбүбү Бөрүбаева
Сынакка активдүү катышкан фольклордук жана этно топтор
Мындан сырткары активдүү катышкандыгы үчүн 6 катышуучуга 1000сомдон, ал эми “Мусанын урпактары” фольклордук тобуна жана “Акмөөрдүн синдилери” элдик тобуна, “”Кадаң айымдары”, “Асылзат” жана “Калый ата кыздары” этно-фольклордук топторунун ар бирине 2000 сомдун сыйлыктын сертификаты жана дипломдор ыйгарылды.
Барчын Мамытбекова