21-март күнү Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Жыл сайын көчө тургундары майрамдык иш-чараларды уюштуруу салтын улантып келет. Бул жолу Эсен көчөсүнүн жашоочулары майрамдык программаны даярдашты.
Нооруздун символу болгон сүмөлөк кайнатылып, анын ачылуу аземине айылдын аксакалдары катышты. Жергиликтүү тургундар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, анда улуттук ыр-бийлер аткарылып, оюн-зоок тартууланды. Мындан сырткары, айыл элине арналып сый тамак берилди.
Чолпон айылынын жашоочулары жана меймандары Нооруз майрамын биримдикте жана шаңдуу маанайда тозушту. Майрам ар жылы айыл элинин ынтымагын чыңдоого жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого өбөлгө түзүүдө.
Кусейин Маратов