Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун клиникалык- диагностикалык лабораториясына жаңы био-химиялык анализатор алынып келинди. Аталган лабораториянын улуу лаборанты Айсалкын Сулайманкулованын айтымында борбордогу мурдагы аппараттын мөөнөтү бүтүп, жарактан чыккандыгына байланыштуу жетекчиликтин кайрылуусу менен алынып келинген.
РЖДПБнун улуу лаборанты Айсалкын Сулайманкулова жана лаборатория кызматкерлери
“Эски анализатордун тетиктери дагы табылбайт экен. 2 ай бою сырттан дарыланган жарандар үчүн био-химиялык анализдер алынбай, кыйынчылык болду. Ал эми оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бейтаптардын анализин атайын аппаратка салып чыгарып жаттык. Анткени ал аппарат дароо 13 анализ чыгарат. «Mindray»аппаратынын артыкчылыгы компьютерге туташтырылган жана канча анализ болбосун баарын бир эле салып, автоматтык түрдө жыйынтыгын чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул анализди тапшырары менен эле жыйынтыгын алуу дегендик эмес. Чыккан анализди регистрация кылабыз, базага түшүрөбүз”-деди А.Сулайманкулова.
Жаңы анализатордо иштөөнү мед.техник үйрөтүү учурунда
Эскерте кетсек, «Mindray» биохимиялык анализатору кандын курамындагы түрдүү компоненттердин: ферменттердин, липиддердин, электролиттердин жана башкалардын сапаттык жана сандык курамын аныктоо максатында канды изилдөөгө арналган заманбап аппарат.
Заманбап аппаратта иштөөнүн жол-жобосун атайын мед.техник окутуп, ишке киргизип берген.
Барчын Мамытбекова