Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну, Аида Бекболот кызы мугалимдик кесип менен катар кол өнөрчүлүктү да аркалап келет. Ал улуттук баалуулуктарды сактоо, кыргыз элинин салттуу буюмдарын заманбап үлгүдө жасоо максатында үй шартында жууркан-төшөк тигүү менен алектенет. Жеке кызыгуудан башталган ишин өнүктүрүп, «Адеми этно төшөк» аттуу чакан ишкана ачуу ниетинде. Бул максатта АРИС программасынын окуусуна катышып, ишкерлик боюнча билимдерин өркүндөтүп, келечектеги ишинин пайдубалын түптөп жатат.
Кээде чоң кыялдар жөнөкөй кызыгуудан башталат. Алгач хобби катары башталган иш убакыттын өтүшү менен адамдын турмушунда маанилүү орунду ээлеп, келечектеги чоң максаттарга жол ачат. Чолпон айылынын тургуну Аида Бекболот кызы үчүн кол өнөрчүлүк дал ушундай өзгөчө мааниге ээ.

Кесиби боюнча физика мугалими болгон Аида билим берүү тармагында эмгектенүү менен бирге кол өнөрчүлүктү да жан дүйнөсүнө жакын иш катары алып келет. Анын айтымында, кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу көп жылдар мурун эле башталган. Ошондон бери ар кандай кол эмгектерин жасоону үйрөнүп, бул өнөрдү өздөштүрүп келет.

«Кол өнөрчүлүктү кичинекей кезимден эле үйрөнө баштагам. Ошондуктан бул ишти өзүмдүн хоббим катары кабыл алам. Ал эми үй шартында жууркан-төшөк тигип, кыздарга сеп даярдап жатканыбызга бир жылдай убакыт болду», — дейт Аида.
Учурда ал эки жардамчысы менен биргеликте кардарлардын суроо-талаптарына ылайык жууркан-төшөктөрдү тигип келет. Айрыкча күз айларында буйрутмалар көбөйүп, айрым учурда бардык заказдарды өз убагында аткарууга жетишпей калган учурлар болот. Бул жагдай ишин кеңейтүүгө жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга түрткү берген.

Аида ишин өнүктүрүү үчүн жууркан тигүүчү атайын станокко муктаж экенин белгилейт. Мындай жабдуу жумуштун ылдамдыгын жогорулатып, буйрутмаларды өз убагында аткарууга жана кардарлардын суроо-талабын толук канааттандырууга жардам бермек.
Өз ишин өнүктүрүп, келечекте чакан ишкана ачуу максатында Аида АРИС программасы уюштурган алты күндүк окууга катышкан. Окуу учурунда ишкерликти уюштуруу, бизнести өнүктүрүү жана бизнес-план түзүү боюнча пайдалуу маалыматтарды алган.
«АРИСтин окуусуна катышкандан кийин көптөгөн жаңы идеялар пайда болду. Өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү мындан ары өнүктүрүү үчүн бизнес-план жазып жатам. Келечекте чакан ишканамды ачып, ишимди кеңейтсем деген максатым бар», — дейт ал.

Аида үчүн бул окуу жаңы билим алуу менен гана чектелбестен, көптөн бери ойлонуп жүргөн максаттарын ишке ашырууга жасалган маанилүү кадам болду. Эми ал кол өнөрчүлүктү жөн гана кызыгуу катары эмес, туруктуу киреше алып келе турган ишкердик багыт катары өнүктүрүүнү көздөйт.
Келечектеги ишканасына Аида «Адеми этно төшөк» деген ат берүүнү пландап жатат. Анын айтымында, «адеми» деген сөз кооздукту, көрктүүлүктү жана баалуулукту туюндурат. Ал өзү жасаган ар бир буюм кардарларынын үйүнө көрк берип, үй-бүлөлүк жылуулуктун бир бөлүгүнө айланышын каалайт.

Ишкананын негизги багыты сапаттуу материалдардан жууркан-төшөктөрдү тигүү, улуттук оймо-чиймелерди колдонуу жана кардарлардын табитине ылайык буюмдарды даярдоо. Жууркан-төшөктөрдү жасоодо таза кебез, жүн жана кооз материалдарды пайдалануу менен сапатка өзгөчө көңүл бурууну максат кылат.
Даярдаган: Илима Жумабаева.