24-октябрда Кант шаарында Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында үч делегат тандалып, дагы үч талапкер резервге кирди. Жыйын учурунда таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу, шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүү жана оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын жөнгө салуу маселелери көтөрүлдү.

Резервге Таалайкул Буйляшева, Эсенбек Иманкулов жана Айгүл Асанкулова кирди.
Жыйындын жүрүшүндө талапкерлер өздөрүнүн максаттары, буга чейинки тажрыйбасы жана Элдик курултайда көтөрүүнү көздөгөн маселелери тууралуу айтып беришти.

солдон оңго: Медербек Байбосунов, Курманбек Молдокулов Руслан Шеримбеков
Канттан шайланган үч негизги делегаттын арасында аялдар болгон жок. Ал эми резервге эки аял — Таалайкул Буйляшева жана Айгүл Асанкулова кирди.
Жыйындын төрагасы шайланган делегаттардын бири Курултайга катыша албай калган учурда аны алмаштырууда резервдеги аял талапкерге артыкчылык берилерин белгиледи.
Курманбек Молдокулов: таштандыны кайра иштетүүчү заводго саясий колдоо керек
Шайланган делегат Курманбек Молдокулов акыркы 5–6 жылдан бери саясат менен алектенбей, экономикалык жана инвестициялык долбоорлорго көңүл буруп келгенин айтты.
Анын маалыматына караганда, ишке ашырууга даярдалып жаткан негизги долбоорлордун бири — таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу. Өткөн жылы долбоор Европа банкы тарабынан колдоого алынып, анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого 200 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Молдокуловдун айтымында, техникалык-экономикалык негиздеме даяр болуп, долбоордун жалпы баасы болжол менен 30 миллион долларды түзөт.
Кийинки этапта долбоорду Кант шаарынын мэриясына, Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жана Жаратылыш ресурстары министрлигине сунуштоо пландалууда.
Молдокулов Элдик курултайда бул демилгеге мамлекеттик деңгээлде саясий колдоо алуу маселесин көтөрүүнү көздөйт.
«Мен бул жерден акча сурабайм. Президенттин жана өкмөттүн алдында ушул долбоорго саясий колдоо көрсөтүү маселесин көтөргүм келет. Долбоорду тездетип, таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу — менин негизги максатым», — деди ал.
Руслан Шеримбеков: тургундардын төрт маселесин Президенттин алдында көтөргөм
Канттан кайрадан делегат болуп шайланган Руслан Шеримбеков буга чейин да Элдик курултайга катышып, шаар тургундарынын көйгөйлөрүн мамлекет башчысынын алдында көтөргөнүн билдирди.
Анын айтымында, өткөн Курултайдын алдында Кант шаарында 120га жакын адамдын катышуусунда жыйын өткөрүлүп, тургундар актуалдуу маселелерди ортого салышкан. Алардын арасынан төрт негизги маселе тандалып, Курултайда Президенттин алдында көтөрүлгөн.
Шеримбеков көйгөйлөрдү ачык айтуунун маанилүүлүгүн белгилеп, «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» деген макалды мисал келтирди.
«Айткан киши жаман эмес, ошол ишти кылбаган кишилер жаман», — деп кошумчалады ал.
Делегаттын айтымында, быйыл да Курултайда Кант тургундары көтөргөн маселелерди жеткирүүгө даяр. Эгер негизги көйгөйлөр чечилсе, шаарды мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо маселесин көтөрүүнү көздөйт.
Таалайкул Буйляшева: оор жүк ташуучу унааларды ички көчөлөрдөн чыгаруу керек
Резервге кирген Таалайкул Буйляшева Кант шаарындагы оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын жөнгө салуу маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, оор жүк ташуучу унаалар шаардын ички көчөлөрүнө кирип, жолдордун бузулушуна себеп болууда. Ал мындай транспортту РЭС тараптагы сырткы жол менен өткөрүүнү сунуштады.
«Чоң грузовой машиналар ички көчөлөргө кирип, жолдорду бузуп жатышат. Ошондуктан РЭС жактагы сырткы көчө менен алып кетүүнү, ошол жактан жол берүүнү сунуштадым», — деди Буйляшева.
Анын сунушу оор жүк ташуучу транспорттун турак жайлар жайгашкан ички көчөлөрдөгү кыймылын азайтууга багытталган.
Канттын көйгөйлөрү V Элдик курултайда көтөрүлөбү?
Жыйындын жүрүшүндө талапкерлер Кант шаары үчүн маанилүү болгон бир катар маселелерди Элдик курултайда көтөрүү ниетин билдиришти. Алардын катарында таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоорун илгерилетүү, тургундардын көйгөйлөрүн мамлекеттик деңгээлде жеткирүү жана оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын жөнгө салуу бар.
Ошол эле учурда үч негизги делегаттын арасында аялдардын жоктугу өкүлчүлүк маселесин да күн тартибине чыгарды. Резервге эки аял талапкердин кириши алардын делегат катары катышуу мүмкүнчүлүгүн сактап турат.
Nevaket Media Канттан шайланган делегаттар V Элдик курултайда кайсы маселелерди көтөрөрүнө жана айтылган демилгелердин мындан аркы жүрүшүнө көз салат.
Даярдаган: Венера Шонкоева