Токтогул районундагы 45 гектар жемиш багын сактап калуу үчүн мамлекеттен колдоо алган Нургүл Султаналиева жана анын үй-бүлөсү айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Түркияда билим алып, тажрыйба топтогон үй-бүлө бүгүнкү күндө сапаттуу көчөттөрдү өстүрүү, жаңы сортторду изилдөө жана дыйкандарга тажрыйбасын бөлүшүү багытында иш алып барууда.

Түркияда башталган дыйканчылык жолу
Нургүл Султаналиеванын жолдошунун багбанчылыкка жана дыйканчылыкка болгон кызыгуусу үй-бүлөнү Түркияга алып барып, бул тармакта атайын билим алууга жана тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзгөн.
Чет өлкөдө үйрөнгөн билимдерин мекенинде колдонуу максатын көздөгөн жубайлар 2022-жылы «Фидан Глобал» компаниясынын негиздөөчүсү Урматбек Мамбетжанов Кадыржанович менен биргеликте иш башташкан.
Нургүл Султаналиева жолдошунун эмгегин колдоп, үй-бүлөлүк дыйканчылыкты өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет. Эки кыздын энеси болгон Нургүл бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк ишкерликти илимий билимге жана заманбап технологияларга таянган багытка айлантууга аракет кылууда.

Заманбап питомник жана кулпунай өстүрүү
Учурда үй-бүлө жаңы сортторду изилдөө, өстүрүү жана сапаттуу көчөттөрдү өндүрүү максатында заманбап питомникти иштетип келет. Ошондой эле айыл чарба тармагындагы өндүрүштү өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана экспорт мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу багытында түзүлгөн кластерлердин активдүү мүчөлөрүнүн катарында.
Алардын ийгиликтүү долбоорлорунун бири — Кара-Балта шаарындагы 20 гектар кулпунай аянты. Бул жерде акыркы үч жылдан бери кулпунай өстүрүлүп, сапаттуу түшүм алууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.
Нургүл Султаналиева Түркияда алган билимдерин өзүнө гана топтоп калбастан, Кыргызстандын жети облусун кыдырып, кулпунай өстүргөн дыйкандарга акысыз сабактарды өтүп келет. Ал өз тажрыйбасы менен бөлүшүү аркылуу жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана дыйкандардын билимин жогорулатууга салым кошууда.






45 гектар жемиш багын сактап калууга мамлекеттен колдоо
Жакында Нургүл Султаналиева Токтогул районунда куурап калуу коркунучуна кептелген 45 гектар жемиш багын сактап калуу үчүн президент Садыр Жапаровго түз кайрылган. Анын кайрылуусунан кийин бакты калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүлгөн.
Президенттин фондунан үч жылдык мөөнөткө пайызсыз 30 миллион сом бөлүнүп, каражат жемиш багын калыбына келтирүүгө багытталган. Бул колдоо бактын келечегин сактап калууга жана дыйканчылык ишин улантууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мигрант болуп жүргөн кезинен тартып бүгүнкү күндө ата мекендик айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан Нургүл Султаналиеванын жана анын үй-бүлөсүнүн эмгеги билимди, тажрыйбаны жана аракетти айкалыштыруу менен айыл чарбасында ийгилик жаратууга болорун көрсөтөт.

Даярдаган:Дилде Таалайбекова.