Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында айылдын өнүгүүсүнө жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган маанилүү көйгөйлөр акырындап чечиле баштады. Жакында өткөн Курултайда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана башка олуттуу маселелер боюнча жемиштүү талкуулар болду. Мурда көтөрүлүп, бирок чечилбей калган көйгөйлөр кайрадан каралып, алардын көпчүлүгүнө реалдуу чечимдер табылды.
Жумабаева Роза
Кыргыз Республикасынын жалпы элдик курултайына делегат катары катышкан жергиликтүү кеңештин экс-депутаты жана мугалим Роза Жумабаева өлкө турмушундагы маанилүү көйгөйлөрдүн чечилиши тууралуу өз ой-пикирин билдирди.
«20–22-декабрда Бишкекте өткөн Курултайда жана 13-январда Жалал-Абаддагы Бакыт Төрөбаев менен жолугушууда делегаттар элдин кызыкчылыгын коргоп, көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышты. Бул иш-чаралардын жыйынтыгы элдин жашоосун жакшыртууга чоң кадам болду. Курултайда айылдардын таза суу көйгөйлөрү, мектептердин инфраструктурасы жана башка эл турмушуна түздөн-түз таасир эткен маселелер каралды. Өзгөчө Терек-Суу, Чоң-Арык жана Кушчу-Суу айылдарындагы таза суу маселесине көңүл бурулду. Насостордун начар иштеши, агын суунун жетишсиздиги жана таза суунун жоктугу элдин жашоосун оорлотуп, ар кандай оорулардын пайда болушуна себеп болууда. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, тиешелүү каражат бөлүндү. Тендерге даяр долбоорлор мурда эле түзүлгөндүктөн, апрель-май айларында ишке ашырылат деп күтүлүүдө. Жумабаева кошумчалагандай, курултайда мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу маселеси да көтөрүлүп, Турусбек мектебинин кошумча корпусун куруу үчүн 475,700 сом каражат бөлүнгөн. Мамлекеттин жана жергиликтүү жетекчилердин колдоосу менен бул иштер ийгиликтүү аткарылып, айылдарда оң өзгөрүүлөр болот деп ишенебиз! Бул жыйындардын жыйынтыгы жалпы элдин жашоосун жакшыртууга багытталган жана бул иштердин ишке ашышы бизди чындап кубандырат,» – деп баса белгиледи ал.
Даярдагандар: Мира Жаңыбаева, Аэлита Зарылбекова