Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Орозобекова Сезим “Российская газета” уюштурган республикалык сынакта аңгеме жанры боюнча 1-орунду жеңип алды.
Сезим Орозбекова сынактын жеңүүчүсү мугалими Нарынгүл Асаналиева менен
Аталган мектептин орус тили жана адабияты мугалими Нарынкүл Асаналиеванын маалыматына караганда аталган сынакка 3 жылдан бери окуучуларын катыштырып келет.
“Сынак мурда бир гана дилбаян жазуу багыттары боюнча уюштурулуп келген. Бул жолу орус жазуучусу А.С.Пушкиндин 200 жылдыгына карата өткөрүлүп, жомок, аңгеме жана ыр жазуу боюнча эмгектерин сынга коюшту. Мектептен 20 окуучум катышты, жыйынтыгында Сезим Орозобекова “Зима в моем селе” (Менин айылымдагы кыш) аңгемеси менен биринчи орунду жеңип, төш белги, Ардак грамота жана телефон менен сыйланды. Мындан сырткары дагы эки окуучум кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту. Ал эми мага уюштуруучулар тарабнан ыразычылк кат тапшырылды. Сынак жыл сайын КРнын эмгек сиңирген мугалими, ковид илдетинен каза болгон Айчүрөк Самакованын үй-бүлөсү жана “Российская газета” басылмасынын колдоосунда орус тилин өнүктүрүү максатында өткөрүлөт”-деди ал.
Окуучуларына орус тили сабагын жөн гана окутуп үйрөтпөстөн, өздөрүнө шык дем берип турушсун деп ар кандай республикалык сынактарга катыштырып турарын кошумчалады Н.Асаналиева.
Барчын Мамытбекова