Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл аймактарынын бириккенден кийинки үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
«2024-жылы Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл аймактарынын биригишинен кийин үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ремонт жалпы 4 миллион сомго жүргүзүлүп, иш 2 айдын ичинде бүткөрүлгөн. Айыл өкмөт башчысы билдиргендей, имарат 50 жыл мурда курулуп, алгачкы жолу ири капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул оңдоо иштери кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жарандарды тейлөө үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө шарт түздү», — деп белгиледи ал.
Имаратта бардык кабинеттер жылууланып, заманбап конференция залы жасалды. Жакынкы убакта тиешелүү эмеректер менен жабдуулар сатып алынары күтүлүүдө.
Капиталдык ремонт айыл өкмөтүнүн ишин жакшыртууга жана элдин сапаттуу тейлөө алуусуна оң таасирин тийгизет.
Даярдагандар:Аэлита Зарылбекова,Азема Сабырбекова