Нарын районуна караштуу А.Аралбаев мектебинде 532 окуучу билим алат. Алардын 49 окуучунун жашаган аймагы мектептен алыс. Мурда окуучулар мектепкке каттаганда кыйынчылык жаралып келсе эми транспорт маселеси чечилди. Мектеп 2 сменде окугандыктан 4 жолу каттам жүрүп баштады. Ал эми айдоочунун айлык акысы бюджеттен чечилип, күйүүчү майды жергиликтүү бюджеттен каралды.
«Окуучулардын алыс жолдон мектепке келиши көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе болуп келген. 2024 — жылдын 9 — декабрынан тарта Нарын-Баетов авто жолунун жээгинде айылдан алыс жайгашкан турак үйлөрдө жашаган жарандардын балдары ташылат, транспорт мурда Сары-Ой айылында бала ташып жүргөн Кабминдин токтому менен жаны келгенде мурдагы эски кичи автобусту Куланакка айылына алып келдик» — дейт Учкун айыл өкмөтүнүнүн башчысы Алтынбек Бектуров
Комментарийсиз видео төмөндөгү шилтемеде
https://youtube.com/shorts/rcmcScHgY9o
Куланак жамааттык медиа борбору