Кетмен- Дөбө айыл аймагындагы 7 мектептин мугалимдеринин арасындагы «Достук , биримдик, педагогикалык чыгармачылык» — аталыштагы мугалим кыз келиндер арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюн №15 Данканай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери тарабынан уюштурулган.
«Волейбол командалык оюн болгону үчүн, мугалимдер үчүн командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Оюн мугалимдердин арасында кызматташтыкты, өз ара түшүнүүнү жана ишенимди бекемдейт. Ошондой эле, командада лидерликти жана жоопкерчиликти аркалоо мүмкүнчүлүгүн берет. Мугалимдердин лидердик жана коммуникациялык жөндөмдөрү күнүмдүк ишинде да жакшыра берет.
Оюн мугалимдердин чыдамкайлыгын, координациясын жана жогорку туруктуулугун арттырат. Бул да өз кезегинде сабактарды өткөрүүдө жана мектептеги күндөлүк ишмердүүлүктө энергияны жана ден-соолукту сактап калууга жардам берет деген ишеничтемин» — деп билдирди өз сөзүндө уюштуруучу Рыскүл Токтоназарова.
Оюндун жыйынтыгында №13 Коргол орто мектебинин мугалимдери биринчи орунга татыктуу болушту, ал эми калган мектептерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
«Мугалимдердин спортко, айрыкча волейболго катышуусу – аларды жеке жана профессионалдык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү. Бул процесстин өзгөчө ролу, мугалимдердин тарбиялоочулук жана сабак берүү жөндөмдөрүн бекемдейт. Спортук оюндар аркылуу мугалимдер жаштарга туура тарбия, коопсуз жана натыйжалуу командалык ишти көрсөтүп, келечек муундардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот.»
Даярдагандар: Аделя Бакытбекова.