19-ноябрь күнү Токтогул районундагы Коргол атындагы №13 жалпы билим берүү орто мектебинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Сулайман Рысбаев менен жолугушуу өттү. «Кыргыз наркы — жаш муундун руханий дүйнөсүн байытуунун жолу» аттуу иш-чарада улуттук баалуулуктар, бала тарбиялоо жана китеп менен иштөө маселелери талкууланды.

Жолугушууда Сулайман Казыбаевич өзүнүн «Кыргыз наркы» аттуу эмгегинин мазмунуна токтолуп, андагы улуттук дөөлөттөрдүн жана элдик тарбиянын бүгүнкү күндөгү маанисин түшүндүрдү. Анын айтымында, ата-бабадан калган руханий мурастарды заманбап тарбия талаптары менен айкалыштыруу жаш муундун дүйнө таанымын калыптандырууда маанилүү орунду ээлейт.
Ошондой эле профессор өзүнүн автордук жана методикалык китептерин тааныштырып, аларды билим берүү жана тарбия иштеринде натыйжалуу пайдалануунун жолдорун айтып берди. Катышуучулар менен бирге сабак учурунда китеп менен иштөөнүн практикалык ыкмалары жана класстан тышкаркы иштерде адабий эмгектерди колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдер профессордун кеп-кеңештерин угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Катышуучулар мындай баарлашуулар кесиптик ишмердүүлүккө дем берип, улуттук наркка негизделген тарбия иштерин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.



Мектеп директору Бактыгүл Сүйүнтбек кызы конокко ыраазычылык билдирип, жолугушуу жамаат үчүн маанилүү тажрыйба болгонун айтты:
«Биздин жамаат үчүн мындай жолугушуулар чоң дем-күч берет. Улуттук наркка таянган тарбия иштерибизди жаңы деңгээлге көтөрүп, окуучуларыбызга сапаттуу тарбия берүү багытындагы ишмердүүлүгүбүздү мындан ары да бекемдей беребиз деген ишеничтемин», — деди ал.

Даярдаган: Азема Сабырбекова