Токтогул шаарында тургундардын кайрылууларынын негизинде ички көчөлөрдүн абалын жакшыртуу иштери уланууда. Бул жолу шаардагы беш көчөгө шагыл төгүлүп, тегиздөө жумуштары аткарылды. Атап айтканда, Акмат, Сарагүл, Тынчтык, Достук жана Туздуу-Суу көчөлөрүнө шагыл төгүлдү. Андан соң «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын грейдер техникасынын жардамы менен жолдор тегизделди.

Токтогул шаарынын мэри Рамис Токтотемировичтин айтымында, иштер тургундардын өтүнүчтөрүн эске алуу менен жүргүзүлүүдө:
«Мындан ары да элдин суроо-талабын эске алып, шаар ичиндеги шарттарды жакшыртууга багытталган иштерди улантабыз», — деп билдирди мэр.


Муниципалдык техниканын жардамы менен жүргүзүлгөн иштер шаар ичиндеги каттамдарды жеңилдетип, тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Даярдаган: Азема Сабырбекова