Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда Чүй облусунун Сокулук районунан келген делегат Асылгүл Кенбаева борборго жакын аймак болгондуктан ички миграция көбөйгөнүн билдирди. Анын кесепетинен мектепте орун жетишсиздиги күч алганын айтты. Ал Шопоковдогу 500 орунга ылайыкталган мектепте 3 убакыт менен 2500 бала билим алып жатканын баса белгиледи.
Асылгул Жаңыбаева
Ошондой эле Күн-Туу жактагы Новое айылындагы мектеп маселесин көтөрүп, агартуу министрин көрүп келүүгө чакырды.
Курултай
«Биз алыскы Баткенге же башка райондорго чакырып жаткан жокпуз. Бензин жок болсо, автобус менен барып көрүп келсин. Гүлсина Капарова атындагы мектеп илгери фин тибинде салынып, 150 орунга ылайыкташкан. Азыр 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Доска менен партанын аралыгы 30 сантиметр», – деди делегат.
Мындан тышкары, делегат кошумча мектеп салууга жери да бар экенин эскертип, социалдык объекттер жашоочулардын санына жараша муктаж жерлерге курулса деген сунушун билдирди.
Даярдагандар: Карыбекова Аида
Амина Маратбекова