Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Ата эс алуу жайын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоордун эскиздик сүрөттөрү даярдалды. Долбоордо эс алуучулар үчүн бардык шарттарды түзүү, туристтик инфраструктураны жакшыртуу жана аймактын табигый өзгөчөлүгүн сактоо негизги максат катары каралган.
Жаңы долбоорго ылайык, Абшыр-Ата эс алуу жайында заманбап жөө адамдар өтүүчү жолдор, коопсуз тепкичтер, көрүү аянтчалары, жарыктандыруу системалары жана эс алуу зоналары курулат. Мындан сырткары, туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол жээктери тосмолор менен жабдылып, аймактын көркүн ачкан ландшафттык дизайн элементтери орнотулат.


Абшыр-Ата эс алуу жайынын келечектеги долбоорунун эскиздик көрүнүшү
Абшыр-Ата шаркыратмасы Ноокат районунун эң белгилүү туристтик жайларынын бири болуп саналат. Бул аймак жыл сайын миңдеген ички жана чет өлкөлүк туристтерди кабыл алып келет. Шаркыратма жер алдындагы суунун тик аскадан агып чыгышы менен өзгөчөлөнөт жана Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш эстеликтеринин катарына кирет.
Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев бул долбоор аймактын туризм тармагын жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгиледи.

Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич
«Абшыр-Ата — Кулатов айыл аймагынын, Ноокат районунун сыймыгы гана эмес жалпы мамлекетибиздин сыймыгы болуп саналат. Биздин максат – жаратылыштын кооздугун сактоо менен бирге туристтер үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү. Долбоор ишке ашса, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу инфраструктура пайда болуп, туристтердин саны көбөйөт. Бул өз кезегинде жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Абшыр-Атаны эл аралык деңгээлде таанылган туристтик борборлордун бирине айландыруу негизги максаттарыбыздын бири.»
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева