Акыркы күндөрү Ак-Талаа районунда тынымсыз жааган жаан-чачынга байланыштуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жана Баетов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жайлоолорду кыдырып, малчылардын абалы менен жеринен таанышып чыгышты.
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеевдин маалыматына караганда учурда Орто-Сырт жайлоосуна баруучу жол ачык. «Жайлоого жааган кардын басымдуу бөлүгү эрип кеткен. Ал эми Орто-Сырт жайлоосунун “Кулак” участкасында кечээ эртең менен болжол менен 20–25 см кар жаап, учурда анын калыңдыгы 5 смге чейин азайган»-деди ал.

Ал эми «Кулак» ашуусунун түбүндө жайлаган бадачы Жаныбек Казиев калың кар жааганын, учурда күн ачылып, туман тараганын айтты.
Мындан сырткары, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн мал жандыктарга зыян келтирилбегени жана мал үчүн тоют жетиштүү көлөмдө камсыздалганы белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Арпа жайлоосунда учурда 8 бадачы эмгектенүүдө.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова