Ак-Талаа районундагы 8 бала бакчанын аталышы өзгөрүлүп, аларга белгилүү тарых инсандарынын ысымы ыйгарылды.
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тарых инсандардын ысымын берүү боюнча атайын токтомдун негизинде бир нече бала бакчалардын аталыштары өзгөртүлдү. Аларга тарых инсандарынын ысымдары берилип, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилип, кайрадан юридикалык документтери алынгандыгы белгилүү болду.


Жаңы аталышка ээ болгон бала бакчалардын тизмеси;
Баетов айыл аймагы боюнча;
— Баетов айылындагы мурунку «Алтын муун — Наристе» бала бакчасы Алымбек датка атындагы бала бакча,
— Баетов айылындагы мурунку «Жаш балаты» бала бакчасы Касым Тыныстанов атындагы бала бакча,
— Баетов айылындагы мурунку «Тынчтык» бала бакчасы Ишеналы Арабаев атындагы бала бакча,
— Баетов айылындагы мурунку «Жаш тилек» бала бакчасы Абсамат Масалиев атындагы бала бакча,
— Кайыңды-Булак айылындагы мурунку «Кайыңды-Булак — Чолпон» бала бакчасы Муса Баетов атындагы бала бакча,
— Байгөнчөк айылындагы мурунку «Байгөнчөк келечеги» бала бакчасы Төрөкул Айтматов атындагы бала бакчасы аталды.
Тоголок Молдо айыл аймагы боюнча;

— Ак-Кыя айылындагы мурунку «Келечек муун» бала бакчасы Насирдин Исанов атындагы бала бакча,
— Жаңы-Талап айылындагы мурунку «Бөбөктай» бала бакчасы Исхак Раззаков атындагы бала бакчасы болуп өзгөртүлдү.
Мындан сырткары, Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылындагы мурунку «Ак-Тал» бала бакчасына өткөн жылы жаңы имарат салынып, ага ошол бала бакчанын салынышына салым кошкон мурунку Ак-Тал айылынын мурунку айыл өкмөт башчысы, маркум Рахат Аалыбаевдин ысымы ыйгарылган.
Ак-Талаа району боюнча жалпы 23 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова