Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага Казакстандан эки команда, Россиядан бир команда, Бириккен Араб Эмираттарынан бир команда жана Кыргызстандан үч команда катышты. Атаандаштык күчтүү болгон таймашта Түп районунун «Долон» командасы ийгиликтүү оюн көрсөтүп, байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу команданын оюнчу-машыктыруучусу Эдил Исаков билдирди.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Бириккен Араб Эмираттарынан келген «Галакси Дубай» командасы, экинчи орунду Казакстандын Астана шаарынан келген «Орда» командасы, ал эми төртүнчү орунду Жумгал районунун «Локомотив» командасы багындырды.
«Кичинекей айылдан чыккан командабыз эл аралык деңгээлдеги командалар менен теңтайлаша оюн көрсөтүп, байгелүү үчүнчү орунду багындырды. Бизге моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөн Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгына жана Карасаев айыл өкмөтүнө терең ыраазычылык билдиребиз», — деди Эдил Исаков.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров