А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 6-классынын окуучусу Кубатбеков Айдин билим жана чыгармачылык багытындагы абройлуу «XXI кылымдын интеллектуалдары» облустук сынагында ийгиликтүү катышып, «Механикалык системалар» номинациясы боюнча өзүнүн долбоорун мыкты деңгээлде коргоп, I орунга ээ болду.


Облустун бардык аймактарынан келген таланттуу окуучулар катышкан сынакта Айдин өзүнүн билим деңгээлин, чыгармачылык жөндөмүн жана техникалык ой жүгүртүүсүн көрсөтө алды. Калыстар тобу анын долбоорунун актуалдуулугун, иштелип чыгышын жана коргоо чеберчилигин жогору баалашты.
Жаш ойлоп табуучунун бул ийгилигине орус тили жана адабияты мугалими Шалтабаева Кундуз жетекчилик кылып, даярдык көрүүдө чоң көмөк көрсөткөн.
Облустук баскычтагы жеңиштин негизинде Кубатбеков Айдин алдыда өтө турган республикалык турга жолдомо алып, учурда ага кызуу даярданууда.
Жеңүүчү менен маек
— Айдин, облустук сынакта жеңишке жетишкениң менен куттуктайбыз. Бул сынак тууралуу айтып берсең.
— Чоң рахмат. Бул сынак мага өзүмдүн билимимди жана жөндөмүмдү көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берди. Катышуучулар көп болгондуктан атаандаштык дагы күчтүү болду.
— Сынакка кандай долбоор менен катыштың?
— Мен «Механикалык системалар» номинациясында долбоорумду сунуштадым. Анда механикалык түзүлүштөрдүн иштөө өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө аракет кылдым.
— Даярдык кандай өттү?
— Даярдык учурунда көп изилдеп, маалыматтарды топтодум. Долбоорумду өркүндөтүп, ар бир бөлүгүн кайрадан текшерип чыктым. Жетекчим Кундуз эжей дайыма кеңеш берип, жардам көрсөтүп турду.
— Жеңүүчү атанганыңды укканда кандай сезимде болдуң?
— Абдан кубандым. Анткени көп эмгек жумшалган эле. Биринчи орунду алуу мен үчүн чоң жетишкендик болду.
— Республикалык турдан кандай жыйынтык күтүп жатасың?
— Республикалык турда дагы татыктуу катышып, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылам. Өз мектебимдин ишенимин актагым келет.
— Сага кимдер колдоо көрсөттү?
— Ата-энем жана жетекчим Кундуз эжей чоң колдоо көрсөтүштү. Алардын жардамысыз мындай ийгиликке жетүү кыйын болмок.
— Курбуларыңа кандай кеңеш берет элең?
— Ар бир окуучу өзүнө ишенип, жаңы нерселерди үйрөнүүдөн тажабашы керек. Эмгек жана аракет сөзсүз өз жемишин берет.

Кубатбеков Айдиндин бул жеңиши мектеп үчүн гана эмес, жалпы айыл эли үчүн дагы сыймык. Жаш интеллектуалга республикалык турда ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз!
Даярдаган:Нурайым Акунова.