Түп районундагы В. Кайкин жана А. Карымшаков атындагы мектептердин «Үмүт» жана «Мурас» тынчтык клубдары зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чечүү маселелерине арналган иш-чараларды өткөрүштү.

В. Кайкин атындагы мектептин «Үмүт» тынчтык клубунун координатору Айдай Усупбаева жетектеген 20 окуучу жана эки координатор театр-форум уюштурушту. Анда эненин карызынан улам жашы жете элек кызын турмушка бериши, кыздын кош бойлуу болуп, оор кырдаалга туш болушу жана эки кудагыйдын ортосундагы чырдан улам үй-бүлө мүчөлөрүнүн соттолушу сыяктуу көйгөйлөр чагылдырылды.
Форумга ата-энелер да активдүү катышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча «Тынчтык» клубунун координатору Төлөбек Бейшенбеков белгиледи.

Ушундай эле презентация А. Карымшаков атындагы мектептин «Мурас» тынчтык клубунда да уюштурулду.
Эки мектепте өткөн талкууга «Нарктуу аксакал», эмгектин ардагери Амантур Ибраев, «Каркыра» гезитинин редактору Муратбек Жумакадыров, Ден соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкери Назгүл Кусеева жана Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Расул Кувандыков катышты. Ошондой эле энелер активдүү пикир алышты.
Катышуучулар клубдардын ишмердүүлүгүнө баа берип, мектепте жана коомчулукта кездешкен көйгөйлөрдү биргеликте чечүү, зомбулуктун алдын алуу багытында мындан ары да аракет көрүүгө макулдашышты.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров