Окуучулардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүү, коомдук активдүүлүгүн арттыруу жана мектеп парламенттеринин ишин жандандыруу максатында «Парламент сүйлөйт» аттуу сынак өткөрүлдү. Ага Чүй облусундагы төрт мектептен жана Бишкек шаарындагы бир мектептен окуучулар катышып, билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн сынашты.

Сынак Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан «Байтур» корпорациясынын демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү. Ага Чүй облусундагы төрт мектептен жана Бишкек шаарындагы бир мектептен келген окуучулар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — мектеп парламенттеринин ишин формалдуу деңгээлден чыгарып, окуучулардын өз алдынча демилге көтөрүүсүнө, коомдук иштерге активдүү катышуусуна жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө шарт түзүү.
Сынактын жүрүшүндө мектеп парламенттеринин президенттери жана билим берүү, маданият, спорт, саламаттык сактоо багыттары боюнча министрлери өз билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана эл алдында сүйлөө чеберчилигин көрсөтүштү. Катышуучулар тесттик жана логикалык суроолорго жооп берип, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн да таанытышты.

Белгилей кетсек, бул сынак Суусамыр айылында 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл анын географиясы кеңейтилип, Чүй облусундагы мектептерди жана Бишкек шаарын да камтыды.
Калыстар тобунун курамында Агартуу министрлигинин «Кут Билим» медиа борборунун жетекчиси Кубат Чекиров, «Невакет» жамааттык медиа борборунун жетекчиси Венера Шонкоева жана IDEA уюмунун программалык офицери Уулкан Абдилазиз кызы болушту.
Сынакка төмөнкү окуучулар катышты:
Аяна Илимбековна — Сокулук районундагы Жаңы-Жер мектеп-комплексинин 10-классынын окуучусу;
Меңдибаев Эмилбек — Бишкек шаарындагы Р. Мамыралиев атындагы №119 жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу;
Аксана Сүйөркулова — Ысык-Ата районундагы Абдыкерим Сыдыков атындагы жалпы орто мектебинин 11-классынын окуучусу;
Илгиз Эргешов — Сокулук районунун Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу;
Жибек Алымбекова — Жайыл районунун Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу.
Сынактын жыйынтыгында биринчи, экинчи жана үчүнчү орундардын ээлерине сертификаттар тапшырылды. Ал эми катышуучулар май айында Суусамыр айылында өтө турган финалдык баскычта баш байге үчүн ат салышат. Баш байгени «Байтур» корпорациясынын негиздөөчүсү жана президенти Тынчтыкбек Конушбаев даярдаган.
Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Илгиз Эргешов сынакка мектеп парламентинин билим берүү министри катары катышып, төртүнчү орунду ээледи. Ал сынак өзүнө чоң тажрыйба бергенин белгиледи:
«„Парламент сүйлөйт“ сынагына катышуу мен үчүн чоң тажрыйба болду. Сынактын жүрүшүндө билимимди сынап, логикалык суроолорго жооп берип, өзүмдү эл алдында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Мен билим берүү министринин ролунда катыштым. Бул сынак өзүмө болгон ишенимимди арттырып, жаңы адамдар менен таанышууга жана көптөгөн пайдалуу тажрыйбаларды алууга жардам берди. Алдыда, май айында Суусамыр айылында өтө турган финалдык сынакка дагы жакшы даярданып, мектебимдин намысын коргоого аракет кылам. Мындай сынактар бизге чоң дем-күч жана мотивация берет», — деди Илгиз Эргешов.
Жамааттык ЖМКлар бирикмесинин аткаруучу директору Назира Джусупованын айтымында, «Байтур» корпорациясынын негиздөөчүсү жана президенти Тынчтыкбек Конушбаев көп жылдан бери билимдүү, таланттуу окуучуларды жана мугалимдерди колдоп келет. Анын Суусамыр айылындагы окуучуларга стипендия берүү жана билим берүү тармагындагы демилгелерди колдоо иштери буга мисал боло алат.
«Парламент сүйлөйт» сынагы окуучулардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна, өз оюн эркин билдирүүсүнө жана мектептеги башкаруу иштерине аралашуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн билим берүү демилгеси болду.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова.