Чүй облусунун Сокулук районунда мектеп психологдорунун кесиптик билимин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган окуу курсу уюштурулду. Ага райондогу билим берүү мекемелеринин адистери катышып, окуучулар менен иштөөдө заманбап психологиялык ыкмаларды колдонуу боюнча билимдерин толукташууда.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу, заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо жана мектептердеги билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2026-жылдын 9-ноябрындагы №175 буйругуна ылайык, 9–13-ноябрь күндөрү Т. Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин базасында педагогдор үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү.
Курска райондогу бир катар мектептердин өкүлдөрү катышты. Алардын арасында Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин адиси Сейдегуль Магаматибраим кызы да бар.
Окуу курсунун негизги багыттарынын бири — мектеп психологдорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу. Анткени окуучулардын психологиялык абалын баалоо, өспүрүмдөр арасындагы көйгөйлөрдү алдын алуу, буллингге жана зордук-зомбулукка каршы иш алып баруу, балдарга өз убагында психологиялык колдоо көрсөтүү мектептеги маанилүү милдеттерден болуп саналат.
Курстун катышуучусу Сейдегуль Магаматибраим кызы мындай окуулардын адистер үчүн маанисине токтолду:
«Бүгүнкү күндө мектеп психологунун жоопкерчилиги абдан чоң. Ар бир окуучунун ички дүйнөсүн түшүнүү, анын көйгөйүн угуп, туура багыт берүү үчүн биз дайыма изденип, билимибизди өркүндөтүп турушубуз керек. Бул квалификацияны жогорулатуу курсу биз үчүн жаңы билимдерди алууга, тажрыйба топтоого жана кесиптик ишмердүүлүгүбүзгө жаңычыл ыкмаларды киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Алган билимибизди мектептеги практикалык иштерибизде натыйжалуу колдонобуз деп ишенем», — деди ал.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билим берүү кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга көңүл буруп келет.
Мындай окуу курстары адистердин теориялык билимин тереңдетип, практикалык тажрыйбасын байытууга жана кесиптештер арасында тажрыйба алмашууга шарт түзөт. Ошондой эле мектептерде коопсуз жана жагымдуу психологиялык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө болот.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова,Нурайым Кеңешбекова